1-августтан тарта Кара-Кече көмүр кенинен республиканын түштүк аймагына көмүр ташуу башталганын “Кыргызкөмүр” ишканасы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, өз алдынча иштеген айдоочулар ташыган көмүр калкка сатыкка коюлат жана Бишкек шаардык Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) берилет.
Ишкана калкка көмүрдү азыртан баштап сатып алып, кышка даярдык көрүү керек экенин эскертип, учурда Кара-Кече кенинде 150 миң тонна көмүр ачылып, даяр турганын билдирди.
“Эске сала кетсек, Кара-Кечеден чыккан көмүрдүн баасы 1450 сомду түзөт. Бул бааны Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги койгон”, деп айтылат “Кыргызкөмүрдүн” басма сөз кызматынын маалыматында.
Кара-Кечеден чыккан көмүрдүн баасы 1450 сом болсо да, Бишкекте көмүрдүн бир тоннасы 5-6 миң, республиканын түштүк аймагында 8-10 миң сомдон сатылышы күтүлүүдө.