Понедельник, 20 мая

Орусияны ойлондурчу жаңылык: Украина дагы 4 даана HIMARS системасын алды

0

АКШ жөнөткөн дагы төрт HIMARS жапырт аткылоочу реактивдүү системалары Киевге келип түштү. Бул тууралуу Украинанын коргоо министри Алексей Резников Твиттердеги баракчасында кабарлап, Кошо Штаттардын президенти Жо Байденге жана америкалык кесиптеши Ллойд Остинге ыраазычылык билдирди.

Украин министри алардын колундагы аталган куралдын санын тактап жазган жок. Вашингтон Киевге буга чейин HIMARS системасынан 12 даана жөнөткөн. Жаңы системалар менен алардын жалпы саны 16га жетти.

Украин күчтөрү орус аскерлеринин командалык пункттарына, курал-жарак кампаларына жана башка объектилерине мурда дагы чабуул коюшчу. Анда сокку көбүнчө кармаш линиясынан алыс эмес жерлерге жасалып же диверсиялык аракеттердин натыйжасында кол салып келген. Июндан тартып HIMARS системасы менен фронттук линиядан ыраакта жайгашкан объектилерге да сокку ура башташты.

HIMARS системасы 300 чакырымга чейин ата алат, бирок 80 чакырымга чейин жогорку тактыкта бутаны жок кылат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз