Парламентти басып алууга аракет кылган киши 7 жылга кесилди

0

АКШнын Колумбия округун соту 2021-жылдын январында Капитолийдин имаратын басып алуу иши боюнча Техастын тургуну Гай Реффиттти 7 жыл 3 айга абакка кести. Бул аталган иште экс-президент Дональд Трамптын Капитолийди басып алууга аракет кылган тарапкерлери үчүн чыгарылган эң катаал өкүм болуп калды.

Гай Реффитт Капитолийге ыктаган аймакка курал алып кирүүгө жана козголоңдун башында чогулгандарды имаратка кирүүгө чакырган деп айыпталууда. Ага өрт чыгаруу үчүн да ширеңке жаккан деген да кине коюлган. Айыптоочу тарап аны “демонстранттардын” башчысы деп аташкан.

Прокурорлор Реффитти 15 жылга камакка алууну өтүнүшкөн. Адвокаттар ал мыйзамды бузганы менен өзү Капитолийге кирбегенин билдиришип, аны эки жылга камакка алууну суранышкан.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз