Түркия 11 жылда 9 миң чет элдик террористти депортациялады

0

Түркия 2011-жылдан бери 9 миң чет элдик террористти депортациялады.

Ички иштер министрлигинин Миграция башкармалыгынан берилген маалыматта, ПКК/ПЙД жана ДЕАШ сыяктуу террордук уюмдарга кошулуу үчүн Түркияга келген чет элдик террористтерди депортациялоо иштеринин уланып жатканы белгиленди.

Билдирүүдө Сирияда 2011-жылы башталган жарандык согуштан бери 100дөн өлкөдөн келген 9 миң чет элдик террористтин депортациялангандыгы кабарланды.

Депортацияланган чет элдик террористтерди улуттарына жараша тизмелегенде Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөлөрүнүн биринчи орунда экени, жүргүзүлгөн иштердин алкагында 2011-жылдан бери Америка Кошмо Штаттарынан 59 жана ЕБге мүчө өлкөлөрдөн 1109 чет элдик террористтин өз өлкөлөрүнө жөнөтүлгөнү айтылды. 

Билдирүүдө 2019-жылы 12 ЕБ өлкөсүнөн 126, 2020-жылы Евробиримдиктин 8 өлкөсүнөн 95, 2021-жылы 8 ЕБ өлкөсүнөн 69 чет элдик террористтин депортациялангандыгы маалымдалды.

Ушул жылдын 7 айында Европа Биримдиктеги 6 өлкөдөн 20 чет элдик террористтин депортациялангандыгы белгиленген билдирүүдө: «2019-жылдын башынан бери өз өлкөлөрүнө кайра жөнөтүлгөн чет элдик террористтердин арасында биринчи сегиз улут (ЕБге мүчө мамлекеттер) Франция, Германия, Нидерландия, Бельгия, Финляндия, Румыния, Швеция жана Австрия болду» деп айтылды. 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз