Четверг, 2 мая

Айрым аймактарда жаан жаайт

0

Бүгүн, 4-августта күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Ош, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө, Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 4-августта күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +28…+33, Талас облусунда +26…+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +32…+37, Ысык-Көл облусунда +23…+28 жана Нарын облусунда +24…+29 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы +31…+33 градус болушу күтүлөт.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз