Суббота, 21 сентября

Жогорку Сот Садыр Жапаровдун ишин кароодо

0

2019-жылдын башында ишке кирген жаңы кодекстерге ылайык Жогорку Сот Садыр Жапаровдун ишин карай баштады. Азыркы учурда соттун алдында Жапаровдун тарапташтары чогулууда. Милиция абалды көзөмөлдөөдө.

Коомчулукта Жапаровдун боштондугун талап кылган жаштардын жана саясатчылардын саны арбын. Чет өлкөдө иштеп жүргөн мигранттар арасында да Садыр Жапаровду колдогондордун саны аз эмес экени маалым.

Садыр Жапаров адамды барымтага алуу, бийликке каршы мыйзамсыз митинг уюштуру, ээнбаштык сыяктуу беренер боюнча соттолгон.

Садыр Жапаровду боштондукка чыгарууну оппозициялык лидерлер да талап кылып келүүдө. Керек болсо мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дагы Жапаровдун ишин кайра кароо керектигин айткан. Бийлик да Жапаровду боштондукка чыгаруу аркылуу анын тарапташтарынын колдоосун алууга аракет кылууда деген божомолдор да бар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз