Суббота, 21 сентября

Кыргызстанда түрк кинолорунун жумалыгы башталды

0

Бишкекте 22-26-апрель күндөрү Түрк кинолорунун жумалыгы өтүүдө. Кыргызстанда үчүнчү ирет өткөрүлүп аткан бул маданий иш чара Түркиянын “Аймактык ой жүгүртүү коому” тарабынан Түркиянын Маданият жана туризм министрлиги жана бул өлкөнүн Бишкектеги элчилигинин колдоосу, кыргыз-түрк “Манас” университетинин демөөрчүлүгү менен өтүүдө.

Түрк кинолорунун Кыргызстандагы жумалыгынын алкагында Бишкектеги “Манас” кинотеатрында бүгүнкү күндө Түркияда белгилүү болгон беш фильм көрсөтүлмөкчү. Алар : “Биз үчүн чемпион”, “Чөөлөр менен бий-5”, “Кулакка тепкичтер-2”, “Жигердүү топ” жана “Бөрү” тасмалары.

Бул жумада түрк фильмдерин көрсөтүүдөн тышкары аталган тасмаларда башкы ролду аткарган белгилүү актёрлор көрүүчүлөр менен да жолугушмакчы. Ошондой эле түркиялык кинорежиссёрлор жана актёрлор кыргызстандык киноматграфисттер менен жолугушуп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр, дискуссиялар болот.

Түрк фильмдеринин Кыргызстандагы жумалыгын өткөрүү үчүн Бишкекке атайын бул иш чаранын режиссёру жана башкы координатору катары Онер Кылыч, “Чөөлөр менен бий” фильминин сценаристи Али Танрыверди, “Жигердүү топ” фильминин режиссер-коючусу Исмаил Фидан, “Даңазалуу доор” сериалында жана  “Чемпион” фильминде башкы ролдордун бирин аткарган Экин Коч, “Чөөлөр менен бий” тасмасындагы актриса Ханде Китапоглу,  Түркия Республикасынын Президентинин башкы кеңешчиси / “Аймактык ой жүгүртүү коому” уюмунун ардактуу Президенти Ялчын Топчу, “Аймактык ой жүгүртүү коому” уюмунун башкы жетекчиси Метин Гүндогду, Түркия Парламентинин депутаты Жемаль Энгирюрт, “Фияп” уюмунун башкы директору Ахмет Эдабали жана “Маданият жана искусство” газетасынын редактору Бинямин Йылмаз, “Стар” газетасынын редактору Бедир Ажарлар келишти.

Иш чарага байланыштуу Түркиянын Бишкектеги элчилигинде өткөрүлгөн маалымат жыйынды алгач бул өлкөнүн Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фырат ачып, коноктор дүйшөмбү күнү эрте менен Ош шаарынан учуп келишкендигин белгиледи. “Өзүңүздөр жакшы билгендей, 20-апрелде Кыргызстандын түштүк борбору  дүйнө жүзүндөгү түрк тилдүү мамлекеттердин башын бириктирген ТҮРКСОЙ уюму тарабынан 2019-жылы   “Ош — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” деп жарыялангандыктан, ачылыш аземи болду. Үч миң жылдык тарыхы бар, Сулайман-Тоо баш болгон бир нече маданий жана археологиялык мурастар камтылган байыркы Ош шаары бир эле Кыргызстандын эмес, бүтүндөй түрк тилдүү элдердин, түрк дүйнөсүнүн маданий мурасы болуп саналат. Демек, бүтүндөй түрк тилдүү элдер бир жыл боюу Ошто ар кандай маданий иш чараларды өткөрүү менен маданий да борборго айланмакчы. Бүгүнкү Түркиядан келген коноктор да мына ушул иш чаранын ардактуу коноктору болуп саналышат”,- деди.

Андан соң сөз сүйлөгөн Ялчын Топчу жалпы кыргыз элин маданий майрамы менен куттуктады. “Кыргызстан биздин экинчи мекенибиз болуп саналат. Ошондуктан тилибиз менен дилибиз гана эмес, каада-салттарыбыз, маданиятыбыз да окшош. Тилекке каршы белгилүү себептерден улам көптөгөн жылдар карым-катнышыбыз үзүлүп калса да, бири-бирибизди унутканыбыз жок. Боордош, бир тууган элдердин карым-катнашы эң оболу маданият аркылуу башталыш керек деп ойлоймун. Андан соң экономика, туризм жаатындагы байланыштарыбыз чыңдалат. Ал эми кино – элдердин ортосундагы достукту бекемдөөнүн жолу. Биз бир жума боюу Сиздердин назарыңыздарга тартуулай турган кинолорду көрүү менен кыргыздар Анадолу аймагындагы туугандарынын каада-салтын, маданиятын көрүп-биле алышат.

Ал эми KyrgyzNews агенттигинин “Урматтуу Ялчын мырза, Сиздердин Кыргызстанда же кыргызстандык кесиптештериңиздер менен биргелешип кино тартуу планыңыздар барбы?”,- деген суроосуна төмөндөгүдөй жооп берди:

      • Сиз аябай көйгөйлүү жана биздин оюбуздагы маселени көтөрдүңүз. Биз мындан мурда Македонияда бир нече биргелешкен тасмаларды тартканбыз жана бул багытта тажрыйбабыз бар десем болот. Жогоруда айтып өткөндөй, биз бир жуманын аралыгында кыргызстандык кесиптештерибиз менен да жолугуп, келечекте биргелешип кино тартуу же Кыргызстанда иштешүү маселесин талкуулайбыз. Бир эле кыргыз-түрк эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн башын бириктирген түрк, кыргыз, өзбек, казак, , азербайжан жана башка мамлекеттердин киноматография союзун түзүп, ушул алкакта иш жүргүзүү да планыбыз бар”,- деди.

    А. Белеков.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз