Суббота, 27 апреля

Видео. Бишкек–Ош жолунда жүк ташуучу унаа менен маршрутка кагышты

0

Бишкек–Ош жолунда жүк ташуучу унаа менен маршрутка кагышкан. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-августта болжол менен саат 20:30дар чамасында Жалал-Абад облусундагы Бишкек–Ош унаа жолунун 401-чакырымында «Хово» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү кичиавтобус сүзүшкөн. Кичиавтобус каршы тилкеге чыгып кеткен.

Аталган факт боюнча тиешелүү экспертзалар дайындалып, тергөө жүрүүдө.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жарандардан жол эрежелерин сактоону өтүнөт.

https://youtube.com/shorts/DdtyVRvgi-o?feature=share

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз