Пятница, 3 мая

Израилдин Газага кол салуусунан 32 киши каза болду

0

Израиль армиясы 5-августта курчоого алынган Газа тилкесиндеги Исламий Жихад кыймылынын борборлоруна кол салып, кол салууларда 6 бала 4 аял 32 кишинин каза болгондугу, 253 кишинин жараланганы белгиленди.

Европа Биримдиги Израилдин блокададагы Газага кол салууларынан кийин «бардык тараптарды» максималдуу сабырдуулукка чакырды.

Европа Биримдигинин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Борреллдин кеңсесинен жасалган билдирүүдө, ЕБ Газадагы окуяларды чоң тынчсыздануу менен байкап жатканы белгиленди.

Билдирүүдө, «Евробиримдик бардык тараптарды чыңалуунун мындан ары күчөп кетпеши жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн максималдуу сабырдуулукка чакырат. Израиль өзүнүн карапайым калкын коргоого укуктуу болсо да, бул биринчи кезекте эки тараптын тең өмүрүн жоготуп, азап-кайгыга алып келип, карапайым калкка таасир эте турган кеңири жаңжалдын алдын алуу үчүн бардыгын жасоо керек»,деген сөздөр камтылган.

Ислам Кызматташтык Уюму Израилдин аскерлеринин Газа тилкесине ырайымсыз кол салуусун катуу айыптаганы белгиленсе, Араб Парламенти Газа тилкесиндеги жарандык объектилердин бомбаланышы эл аралык укукка ачык чакырык жана эл аралык мыйзамдар, конвенциялар, макулдашуулар жана принциптерди одоно бузуу болуп саналат деп билдирди.

Билдирүүдө эл аралык коомчулукту Палестина элине каршы бул агрессияны токтотуу үчүн токтоосуз чара көрүүгө чакырды.

Ливия, Йемен, Иран, Орусия жана Франция да Израилдин Газа тилкесине эки күндөн бери уланган кол салууларын айыптаган билдирүүлөрдү берип, Газада уланып жаткан чыңалуудан тынчсыздангандарын билдиришти.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз