Пятница, 22 ноября

“Алтын Казына” кафесинин кызматкерлери топтошуп өспүрүм кызды зордуктаган

0

Чүйдө “Алтын Казына” кафесинин кызматкерлери топтошуп өспүрүм кызды зордуктаган. Бул тууралуу кыздын жакындары социалдык тармактарга жазып чыкты.

“Кабар” агенттигине Чүй облустук милициясынан билдиришкендей, 7-август күнү Аламүдүн райондук милициясына 1964-жылы туулган У.Ж. аттуу жаран белгисиз адамдарга чара көрүүнү өтүнүп, арыз менен кайрылган. Ал 6-августтан 7-августка караган түнү белгисиз адамдар Лебединовка айылында анын 2005-жылы туулган О.А. аттуу кызын зордуктагандыгын билдирген.

У.Ж.аттуу жарандын арызы Аламүдүн райондук милициясына каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Материалга ылайык, иштин жагдайы боюнча бардык адамдардын өздүгү такталып, бардыгы суракка алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча процессуалдык чечим кабыл алынат.

“Бул факты Чүй облустук милициясынын жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынып, өз кезегинде окуянын бардык жагдайлары иликтенип, күнөөлүүлөргө мыйзам чегинде толук чаралар көрүлөт, — деп кошумчалашты милициядан

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз