Воскресенье, 28 апреля

Бийлик өкүлдөрү эртең Талас эли менен жолугат

0

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, башкы прокурор Курманкул Зулушев жана ички иштер министри Улан Ниязбеков аймактарга чыгып, жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуусун улантат. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтымында, бул жолу бийлик өкүлдөрү Талас облусунун тургундары менен жолугушмакчы.

«Жергиликтүү тургундарда төмөнкү график боюнча бул жыйындарга катышып, тийиштүү маселелерин министер кабинетинин төрагасынын орун басары, көзөмөлдөөчү орган башчысы жана ички иштер министрине түз жеткирүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт», — деп жазган ал.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз