Пятница, 26 апреля

Түркиянын эң күчтүү мунай бургулоо кемеси кызматын баштады

0

Түркиянын эң күчтүү мунай бургулоо кемеси кызматын баштады. Түркиянын Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез Түркиянын бургулоо флотунун «эң күчтүүсү» Абдулхамид Хандын Чыгыш Жер Ортолук деңизде чалгындоо кудуктарын бургулай турганын айтты.

Министр Дөнмез, Абдулхамид Хандын Чыгыш Жер Ортолук деңизде чалгындоо кудуктарын бургулай турганын түшүндүрүп: «Бургуланган кудуктар биз буга чейин тапкан сейсмикалык маалыматтарды тастыктоого жана жер астындагы структураларды жакшыраак түшүнүүгө жардам берет», — деди.

Абдулхамид Хандын 12200 метр тереңдикте бургулоо мүмкүнчүлүгү бар экенин белгилеген Дөнмез: «Ал Тынч океандагы Мариана чуңкурунан да тереңге кирет, бул дүйнөнүн эң терең жери 11000 метр. Узундугу 238 метр, ал болжол менен 2,5 футбол талаасына барабар болгон гиганттык түзүлүшкө ээ. Биздин Түркиянын жаңы бургулоочу кемесинде 200 кишилик экипаж күнү-түнү дебестен иштейт», — деп айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз