Пятница, 22 ноября

Крымдагы аэропортту ким бомбалады?

0

Орусия мыйзамсыз аннексиялап алган Крымдагы Саки аскердик аэропортунда кечээ болгон жардыруудан бир кишинин каза болгону кабарланды.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары аэропорттогу жарылуу кол салуунун натыйжасында болгон деп жазып чыккан. Кол салууну Украинанын куралдуу күчтөрү ишке ашырган деп божомолдонууда.

Ал эми Крымдын администрациясынын төрагасы Сергей Аксенов кечээ Новофедоровка конушунун жанындагы Саки аскердик аэропортунда болгон жарылуу тууралуу журналисттерге билдирүү жасады.

Окуяга байланыштуу териштирүүнүн башталганын жана жарылуу болгон жерде иликтөө иштери жүргүзүлгөнүн билдирген Аксенов: «Окуядан 14 адам жабыркап, 1 адам каза болду. Жабыркагандардын бири ооруканага жаткырылды, калгандары үйүндө дарыланууда»,-деди.

Аксенов жарылуудан 62 батир жабыркап, 252 киши убактылуу жайгаштыруу борборлоруна жайгаштырылганын маалымдады.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз