Казакстан өкмөтү аскердик чалгындоо тармагында Түркия менен кызматташуу протоколун бекитти.
Казакстан өкмөтү тарабынан жарыяланган жарлыкта, Түркия менен 10-майда кол коюлган аскердик чалгындоо тармагында кызматташуу протоколунун бекитилгени белгиленди.
Жарлыкта: «Тиешелүү протоколдун алкагында тараптар аскердик чалгындоо маалыматтарын жана актуалдуу маселелер боюнча эксперттик баа берүүлөрдү алмашуу; катышуучу мамлекеттердин коопсуздугуна коркунуч туудурган региондогу аскердик жана саясий кырдаалга байланыштуу окуяларга мониторинг жүргүзүү; эл аралык террористтик уюмдар жана башка уюмдар жөнүндө өз ара маалымат алмашуу сыяктуу тармактарда кызматташат», — деп айтылды.