Пятница, 19 апреля

Нарындын эли алтын казган ишканага каршы чыкты

0

Нарын районунун Чырпыкты тилкесинде «Голд Контент» компаниясынын ишмердүүлүгүнө каршы митинг болду. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Нарын районунун Эки-Нарын айылынын 60ка жакын тургуну алтын кенин өндүрүүгө лицензиясы бар “Голд Контент” жоопкерчилиги чектелген коомунун ишмердүүлүгүнө жана компаниянын техникалары менен шаймандарын алып келүүсүнө каршы тынчтык митингине чыгышкан.

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Адыл Сапаров, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Нуридин Мадимаров баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо, коопсуздук сактоо органдарынын жетекчилери митингге чыккандардын талабын угуп, тиешелүү жоопторун беришти.

Ыйгарым укуктуу өкүл Эргешов Чырпыкты тилкесиндеги кырдаал боюнча жеринде барып абал менен таанышып, мыйзам менен иш алып барыларын билдирди.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, айрым маалымат каражаттарында жарыяланган “Митинг “Жетим Тоо” кенин иштетүүгө каршы уюштурулду” деген маалымат чындыкка дал келбейт.

«Митингде Чырпыкты тилкесиндеги “Голд Контент” компаниясынын ишмердүүлүгү жөнүндө гана маселе көтөрүлгөнүн билдиребиз», — деп кошумчалашты өкүлчүлүктөн.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз