2022 ФИФА дүйнөлүк кубогу 20-ноябрда ойноло турган Катар-Эквадор оюну менен башталарын билдирди.
ФИФАдан берилген маалыматка караганда 2022 дүйнөлүк кубогу пландалгандан бир күн мурда 20-ноябрда үй ээси Катар менен Эквадордун ортосунда ойноло турган оюн менен башталат.
А группасында Катар менен Эквадордун ортосундагы турнирдин ачылуу оюну Ал Байт стадионунда саат 19:00дө башталат. Мындан мурда ачылуу оюну катары пландалган Сенегал-Нидерландия беттеши болсо 21-ноябрда саат 19: 00дө ойнолот.