Суббота, 21 сентября

Бишкекте Эбру искусствосу  боюнча көргөзмө болуп өттү

0

Кыргыз Улуттук китепканасынын Кыргыз-Түрк Ч. Айтматов окуу залында Туркия элчилигинин жана Туркия Республикасынын маданият жана туризм министирлигинин колдоосу менен эбру искусствосу боюнча көргөзмө болуп өттү.

Эбру сүрөтүнүн башка сүрөттөрдөн өзгөчөлүгү суюктуктун үстүнө боёктор менен сүрөт тартылып анын кайрадан кагаз же кездеменин бетине түшүрүлүшү болуп эсептелинет.

Көргөзмөгө Туркия Президентинин башкы кеңешчиси Ялчын Топчу, Туркия Республикасынын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фырат, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Ёсихи Ямамура жана башка сыйлуу конокор катышты.

Көргөзмөнү эбру искусствосунун чебери жана миниатюра сүрөтчүсү Суна Кочал алып барды. Анын жардамы менен коноктор эбру сүрөтүн да тартып көрүштү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз