Суббота, 21 сентября

Туркияда Улуттук эгемендик жана балдар майрамы майрамдалууда

0

Бүгүн Түркия мамлекети үчүн абдан маанилүү күн.  Түркия Улуттук Улуу Жыйыны 1920-жылы 23-апрель күнү ачылган. Ошондон тарта бул күн Улуттук эгемендик жана балдар майрамы катары майрамдала баштаган.

Бул күн падышалык бийлик жоюлуп, улуттук эгемендике жетүүнүн урматына жана Боштондук Согушунда атасы шейит болгон балдардын кубантуу үчүн Эгемендик жана балдар майрамы деп аталат. Бул майрамды Түркиянын төрт тарабындагы мектеп жашындагы балдар кубанычтуу майрамдашат. Балдар тарабынан мугалимдери менен биргеликте даярдалган майрамдык иш чараларга ата-энелер да катышат.

Өлкөнүн бардык булуң бурчунан майрамдык маанайда чогулган жаш балдар жана өспүрүмдөр Туркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемаль Ататүрктүн күмбөзүнө гүл коюшат жана өлкөдө жаш балдар үчүн майрамдык концерттер өткөрүлөт.

Бул күнү “келечек жаштардын колунда” деген ураан менен бардык мамлекеттик чиновниктер кызмат орундарын жаш балдарга бошотуп беришет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз