Суббота, 18 мая

Фото. Орто Азиянын эң чоң мечити эми Казакстанда

0

Казакстанда курулушу бүткөрүлгөн Орто Азиянын эң чоң мечити болуу өзгөчөлүгүнө ээ  Улуу Нур  — Султан мечити азем менен ачылды. 

Борбор шаар Нур — Султанда курулган мечиттин ачылуу аземи негиздөчү президент Нурслтан Назарбаевдин катышуусу менен өттү. 

Аземге Өзбекстан, Кыргызстан, Монголия, Россия жана Египеттен диний жетекчилер менен Казакстандагы мусулман өлкөлөрдүн элчилери менен көп сандаган журналисттер катышты. 

Назарбаев бул жерде сөз сүйлөп, курулуштун негизги подрядчиги, түрк ишкери Феттах Таминжеге, Sembol курулуш жана кызматкрелерине ыраазычылык билдирди. Ачылуу аземинен кийин мечитте намаз окулду. 

68 миң метр чарчы аянтка курулган Улуу Нур-Султан мечити  Орто Азиянын эң чоң мечити өзгөчөлүгүнө ээ болду. 

Долбоор жана курулуш жагынан көптөгөн өзгөчөлүктөргө ээ болгон мечит  дүйнөнүн эң чоң 10 мечитинин арасында орун алды.

35 миң  киши бир убакта намаз окуй ала турган мечиттин башкы люстрасы көлөмү жана 1,5 миллион кристаллдары менен дүйнөлүк рекордго ээ.

Ислам музейи, китепкана, нике залы, Куран класстары, жыйындар залы жана жабык унаа токтотуучу жайы да болгон Улуу Нур Султан мечитинин өлкөнүн жаңы символдорунун бири болушу күтүлүүдө.

 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз