Медициналык колледждерди жабуу боюнча Бейшеналиевдин буйруктары жокко чыкты

0

Тергөө мезгилине ээлеген кызматынан убактылуу четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жеке медициналык колледждерди жабуу, ошондой эле «№6 форма» документин чакыртып алуу жөнүндө буйругу жокко чыгарылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин милдетин убактылуу аткаруучу Жаркынбек Касымбеков брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, Бейшеналиевдин буйругунан кийин жеке медициналык колледждер сотко берип, ишти утуп баштады. Министрликтин дарегине дагы каршы доо арыздар түшүп калбашы үчүн маселени иликтей турган комиссия түзүлгөн.

«Биз буйруктарды жокко чыгаруу керектиги тууралуу бирдиктүү пикирге келдик, анын үстүнө буйрукка тиркелген справка бири-бирине каршы келген», — деп түшүндүрдү ал.

Эске сала кетсек, Алымадыр Бейшеналиевдин тушунда 12 жеке медициналык окуу жайды жабдуу тууралуу буйрук чыккан. Анын пикиринде, жогорудагы колледждерде студенттердин практикасы үчүн толук шарттар түзүлгөн эмес.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз