Суббота, 21 сентября

Директорго акча чогултуп берүүдөн тажаган эл митингге чыкты

0

Сокулук районунун Новоповловка айылынын тургундары бүгүн 24-апрель Ак үйдүн астына митингге чыгышты. Новоповловка айылындагы №1 Чынгыз Айтматов атындагы мектептин директору Абдуллаева Диляра Кенжеевнанын кызматтан кетүүсүн талап кылышууда.

Мектепте окуган ар бир окуучудан айына 700сомдон акча чогултулуп алынат. Акча бере албай калган окуучуларды сабакка албастан акча талап кылышаарын жана сабактар 30минутадан болоорун айтышууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз