Суббота, 21 сентября

Шри-Ланкада жардыруудан өлгөндөрдүн саны 359га жетти

0

Шри-Ланка полициясынын басма сөз кызматы майрам күнкү чиркөө жана мейманканалардагы жардыруудан өлгөндөрдүн саны 359га жеткенин жана 58 киши шектүү катары кармалганын билдирди.

Бүгүн Шри-Ланканын борбору Коломбодо дагы бир бомба табылды. Савой кинотеатрынын жакынында табылган бомба полиция тарабынан зыянсыздаштырылды.

ДАИШ паскаль күнкү жардыруулар үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. Шри-Ланка бийлиги жардыруулардын себебин Жаңы Зеландиядагы мечиттерге кол салуу окуяларына байланыштуу экенин, радикал исламчылар тарабынан өч алуу үчүн жасалганын жана жергиликтүү радикал исламчылар сырткы күчтөрдүн жардамысыз мындай чоң жардырууларды жасай албашын айтууда.

Шри-Ланкадагы терактты иликтөөгө ИНТЕРПОЛ да катышмакчи. Паскаль байрамында 359 кишинин өмүрүн алган чиркөө жана мейманканалардагы теракт эл аралык кылмыш экендиги жана аны иликтөөгө ИНТЕРПОЛ да жардам берээри айтылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз