Понедельник, 13 мая

Маймыл чечеги иттерге жуга баштады

0

Жайылышы тездеген маймыл чечек эпидемиясында дүйнө жүзү боюнча жумалык оорулардын саны 20 пайызга өстү.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДСCУ) башкы директору доктор Тедрос Аданом Гебреиcус уюмдун Женевадагы баш кеңсесинде өткөргөн маалымат жыйынында маймыл эпидемиясына байланыштуу акыркы окуяларга баа берди.

Жыл башынан бери 93 өлкөдө маймыл чечек оорусу катталганын белгилеген Гебреисус, 16-августка карата вирустан 12 кишинин каза болгонун, ооругандардын санынын 36 миң 412 болгонун белгиледи.

Эң көп учурдун акыркы жумада көрүлгөнүнө көңүл бурган Гебреисус, акыркы 7 күндө болжол менен 7 миң 500 жаңы учур аныкталганын жана жумалык оорулардын саны 20 пайызга өскөнүн баса белгиледи.

Башкы директор маймыл чечегине каршы учурдагы чечекке каршы вакциналар эффективдүү болушу мүмкүн экенин, бирок вакцина менен камсыз кылуу жана эффективдүүлүк көрсөткүчү боюнча маалыматтар өтө чектелүү экенин билдирди.

Башка жагынан алганда, Гебреисус жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) эпидемиясы кооптонууну улантып жатканын белгилеп, акыркы жумада дүйнөдө Ковид-19дан болжол менен 15 миң өлүм катталып, өлүмдөрдүн өткөн жумага салыштырмалуу 35 пайызга көбөйгөнүн белгиледи.

Ал арада ДССУ вирусту ээсинен жуктурган ит маймыл чечек оорусуна чалдыкканын билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз