Пятница, 17 мая

Зеленский: “Кыргызстан Украинанын суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн чечкиндүү колдойт деп ишенем”

0

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов аталган өлкөнүн башчысы Владимир Зеленскийге ишеним грамотасын тапшыруу иш-чарасынан кийинки жолугушуунун мазмуну жөнүндө билдирүү таратты.

Фейсбуктагы баракчасында Кадыркулов президент Зеленский эки тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде соода-экономикалык алаканы өнүктүрүүнү сунуштаганын жазды.

Украин президентинин сайты, Владимир Зеленский Кыргызстан Украинанын суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн колдоодо чечкиндүү позициясына ишеним артарын билдиргенин маалымдады.

17-августта Кадыркулов Зеленскийге ишеним грамотасын тапшырган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз