Суббота, 27 апреля

Күн сууйт, тоолорго кар жаайт

0

Бүгүн, 22-августта Кыргызстандын аймагында абанын температурасынын төмөндөшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12⁰, күндүз 20…25⁰, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9⁰, күндүз 18…23⁰, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 12…17⁰, күндүз 24…29⁰, тоо этектеринде түнкүсүн 7…12⁰, күндүз 21…26⁰, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2⁰, күндүз 12…17⁰, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 6…11⁰, күндүз 18…23⁰, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2…7⁰, күндүз 19…24⁰, тоолуу райондордо түнкүсүн 1…6⁰, күндүз 10…15⁰, бийик тоолордо түнкүсүн -2…-7⁰, күндүз 3…8⁰ка чейин төмөндөйт.

Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз