Суббота, 27 апреля

Орусиядагы үрөй учурган кырсыктын видеосу

0

Ульяновск облусуна караштуу Николаевск районунун Праскавьина жана Новопасское айылдарынын ортосунда жол кырсыгы катталган.

Алдын ала маалыматка караганда, кырсыктан 16 киши каза болгон, анын ичинен 14ү Кыргызстандын жараны. Мындан тышкары, 3 киши медициналык мекемеге жаткырылып, учурда алардын жарандыгы такталууда.

КР ТИМден кабарлашкандай, окуя болгон жерге консулдук укуктук жардам көрсөтүү максатында КРнын Россиядагы элчилигинин консулдук кызматкерлери жөнөп кетишти.

Жогорудагы окуянын бардык жагдайларын тактоо максатында Ульяновск районунун укук коргоо жана компетенттүү органдарынын өкүлдөрү менен байланыш түзүлдү. Элчилик тарабынан жогорудагы кырсыкта каза болгон жана жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жакын туугандары үчүн +7 (926) 861 50 98 ишенимдүү түз байланыш номери уюштурулду.

Ошондой эле Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде да +996 508 628-588+7 977 947 55 80+996 551 312-000 (WhatsApp) түз байланыш номерлери ачылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз