Понедельник, 13 мая

Фото. Орус танктары Киев көчөлөрүндө

0

Украина күчтөрү тарабынан согушта колго түшүрүлгөн орус армиясына таандык көп сандаган жарактан чыккан бронетехника борбор шаар Киевде көрсөтүлүүдө.

Орусия менен 6 айдан бери согушуп жаткан Украина 24-августта Эгемендүүлүк күнүнүн 31 жылдыгын белгилөөгө даярданууда.

Согуштан улам украиндер быйылкы Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого мурдагыга караганда көбүрөөк маани беришүүдө.

Майрамдын алдында согушта колго түшүрүлгөн жана танк, моторлуу замбрек системалары сыяктуу көп сандаган жарактан чыккан бронетехника Киевдин Крещатик көчөсүнө жайгаштырылды. Миңдеген украиндер орус согуштук техникаларын көрүү үчүн Крещатик көчөсүнө барышты.

Орусия менен Украинанын ортосунда 24-февралда башталган согуш алгач борбор шаар Киевдин айланасында күчөгөн, азыр болсо өлкөнүн түштүгүнө жылган абалда.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз