Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Орусиянын белгилүү стратеги Александр Дугиндин кызы Дарья Дугинаны өлтүрдү делген аялдын видеосун таратты. Федералдык коопсуздук кызматынын маалыматына ылайык Вовк Н.П. Шабан С.М. деген кызы менен чогуу Орусияга кирип, Дарья Дугина жашаган үйгө жайгашып, Дарья Дугина тууралуу маалымат топтогон. Вовк Н.П. кол салууну ишке ашыргандан кийин Эстонияга чыгып кеткен. Видеодо ал аялдын бетин так көрүүгө болот.