Суббота, 4 мая

Ысык-Көлдө жол убактылуу жабылат

0

Ысык-Көл облусунда айрым жолдор убактылуу жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, 25-26-августта Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны жана КМШ, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Жаштар форуму болот. Саммитке ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары жана байкоочу мамлекеттердин өкүлдөрүнүн келиши күтүлүүдө.

«Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейин жана Чолпон-Ата — Кырчын маршруту боюнча делегация келген учурда жолдор маал-маалы менен жабылып турмакчы. Жол жээгине токтотулган автоунаалар алынат», — деп айтылат маалыматта.

ЖКККББ аталган иш-чаралар мамлекеттик деңгээлде маанилүү болгондуктан Ысык-Көл облусунун тургундары жана конокторун киргизилген чектөөлөрдү түшүнүү менен кабыл алып, жол эрежесин бузбоого чакырды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз