Пятница, 17 мая

Директорлорду тандоо: Бишкекте сынакты өткөрүү 30-августка белгиленди

0

Билим берүү жана илим министрлиги Бишкек шаарында мектеп директорлугуна сынак 30-августта өтөрүн кабарлады.

Маалыматка караганда, шаар боюнча жалпы 62 бош орун бар. Талапкерлердин документтерин кабыл алуу 26-августта, жумуш убактысы бүтөрү менен аяктайт. Аталган мекеменин билдиришинче, облустардагы мектеп директорлорун тандоо жыйынтыкталып, сынактык жеңүүчүлөрдүн тизмеси бекитилди. Калган бош орундарга, сынак өтпөй калган мектептерге тандоонун экинчи туру өтөт.

Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 26-июлундагы буйругунун негизинде мектеп жетекчилеринин бош кызмат орундарына сынак жарыяланган. Ага ылайык өлкөдөгү 2333 мектептин ичинен 966 мектептин директорлугуна сынак башталды.

12-июлда президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык беш жылдан ашык иштеген мектеп директорлору кызматтан кетиши керек

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз