Пятница, 17 мая

Борис Жонсон Украинага барды

0

Борис Жонсон Украинанын 31-Эгемендүүлүк күнүндө Киевге барды.

Зеленский Орусиянын согушта күч алышына жол бербөө Украина үчүн да, Батыш үчүн да маанилүү экенин белгилеп: «Тынч тура албайбыз, чыр-чатакты тоңдуруп, бир жыл, эки-үч жыл күтө албайбыз»,-деди.

Украина үчүн согуш учурунда чет мамлекеттердин колдоосун жоготпоонун маанилүүлүгүн баса белгилеген Зеленский: «Эч кандай учурда биз энергетикалык тобокелчиликтер аркылуу да, жылуулук мезгили аркылуу да, өзөктүк шантаж, Кара деңизди тосуу жана башкалар аркылуу да демилгени Орусияга калтырбашыбыз керек. Украинанын демилгени жоготконго же Европанын демилгеден кол жууп калышына укугу жок»,-деп айтты.

Украинанын жеңиши бириктире турганын жана демилгени жоготууга бөгөт боло турганын баса белгилеген Зеленский, согуш башталгандан бери Украинага көрсөткөн колдоосу үчүн Улуу Британиянын премьер-министри Жонсонго ыраазычылык билдирди.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз