Пятница, 17 мая

Кара Балтада дүкөн толугу менен күйүп кетти

0

Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жайгашкан курулуш материалдарын саткан дүкөндөн чыккан өрт саат 16:25те толук өчүрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, өрттү өчүрүүгө саат 09:14төн тарта жалпы 3 бөлүм тартылып, өрт саат 10:40та чектөөгө алынган.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен дүкөндөгү бардык курулуш товарлары жана «Mercedes » үлгүсүндөгү унаа күйүп кеткен. Өрттүн жалпы аянты 3 миң чарчы метрди түзөт.

Жабыркагандар катталган жок.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз