Суббота, 21 сентября

Интерполдун мурдагы жетекичиси камалды

0

Кытай прокуратурасы мурдагы Интерполдун президенти Мен Хунвейдин пара алгандыгы үчүн камакка алынганын билдирди.

Интерполдун мурдагы президенти Мен Хунвей өткөн айда Кытай Коммунисттик партиясынан жана мамлекеттик кызматтан четтетилген болчу.

Кытай Коммунисттик партиясынын берген баяндамасына ылайык Мен Хунвей үй-бүлөсүнүн ысырапкор жашоосуна шарт түзүү үчүн кызматтык ордунан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн партиядан чыгарылган жана мамлекеттик кызматтан четтетилген.

Интерпол өткөн жылы октябрь айында жарыялаган баяндамасында Хунвей Кытай Коммунисттик партиясында маанилүү милдеттерди алгандыгы үчүн 29-сентябрда өлкөсүнө Франциядан учуп кеткен боюнча дайыны жоголгондугун айткан.

2016-жылдын ноябрь айында Интерполго президент болуп шайланган Мен Хунвейдин 2020-жылга чейин кызматта калуусу күтүлүп жаткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз