Суббота, 21 сентября

Ким Чен Ын Россияга барды

0

Корей Элдик Демократия Республикасынын (КЭДР) лидери Ким Чен Ын  иш сапары менен Орусянын Владивосток шаарына келди. Ким Чен Ын менен Путиндин жолугуша турган жери 23-апрелде гана белгилүү болду. Орусиянын «Коммерсантъ» басылмасы жолугушуу Ыраакы Чыгыш федералдык университетинин кампусунда өтөрүн жазды. Окуу жайдын имаратына көздөй кеткен жол жээктерине желектер илинди. Бул жай коопсуздук маселесинен улам Түндүк Корея тараптын сунушу менен тандалган. КЭДР лидери иш сапары учурунда кампустан сыртка чыкпайт.

Ким Чен Ын Орусияга мурда атасы Ким Чен Ир келген зооттолгон поезд менен келди. КЭДР лидери чек араны кесип өтөрү менен кызыл килем төшөлүп, нан жана туз менен тосуп алынганын «РИА Новости» агенттиги жазды. 1986-жылы Ким Ир Сендин сапары учурунда курулган Орус-Корей достук үйүнө барды. Кимдин зооттолгон поезди ушундан кийин Владивосток багыты менен жүрүп кетти.

«Сүйлөшүүлөр 25-апрелде башталат. Алгач лидерлер өз алдынча сүйлөшүп, андан соң кеңейтилген жолугушуулар өтөт», — деди орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаков.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты күчөтүү, Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу маселеси жана аймактык кызматташтык талкууланаары тууралуу Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Айрым эл аралык басылмалар Трамп менен ымаласы келишпей калган Ким Чен Ынды Путин өзүнө тартууга аракет кылууда деп жазууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз