Воскресенье, 28 апреля

Ванда жашаган кыргыздар Түркияга жайгашканынын 40-жылын белгилешти

0

Түркиянын Ван облусунун Эржиш районунун Улупамир айылында кыргыздардын Түркияга келгенинин 40-жылдыгы иш-чара менен белгиленди.

1982-жылы Ооганстандын Памир тоосунан көчүп келип, Ван шаарынын Эржиш районунун борборунан 30 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан Улупамир конушунда отурукташкан кыргыздар Түркияга келгенинин 40 жылдыгына карата маданий фестиваль уюштурушту.

Бул жерде сөз сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын Стамбулдагы башкы консулу Лира Сыдыкова: «Кыргыздын макалында айтылгандай «Чыры бир бөлүнөт, түбү бир биргет» дегендей бир туугандыгыбыз түбөлүктүү болсун. Баарыңыздарга ыраазычылык билдирем», — деди.

Иш-чарага катышкан Эржиш районунун акими жана мэрдин орун басары Нури Мехметбейоглу, бул жерди бүт улупамирлик боордошторубуз өз мекени катары билишип, эңсеген тилектерин ушул жерден аткарып жашоосун улантышууда. Бүгүнкү күндө көптөгөн мамлекеттик мекемелерде улупамирлик туугандарыбызды агаларыбызды көрүп жатабыз. Айрымдары университеттин студенттери, кээ бири офицер, мугалим жана медайым болуп иштешет. Алардын өлкөбүзгө келгенинин 40 жылдыгында Кыргызстанда да, районубузда да болуп өткөн иш-чараларга келген адамдарды урматтоо менен куттуктайм», — деди.

Түрк Мамлекеттери Уюмундагы Кыргызстандын өкүлү Арслан Койчиев өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Улупамирлик кыргыздардын 40 жылдык мааракесин куттуктаганын билдирди.

Иш-чараны улай келген коноктор Улупамирдеги кыргыздардын үйлөнүү үлпөтүнө күбө болушту.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз