Күнүнө эки же андан көп чыны кара чай ичкен адамдардын өлүм коркунучу төмөн экени аныкталды.
Илимий изилдөө 2006-2010-жылдары чайды көп ичкен британиялыктар арасында жүргүзүлүп, изилдөөгө катышкан 500 миңдей адам 11 жыл бою байкоого алынган.
Америка Кошмо Штаттарынын Улуттук Саламаттыкты сактоо Институтунун (NIH) илимпоздору Улуу Британиянын «Биобанк» маалымат базасын колдонуп, 40-69 жаштагы 498 миң 43 кишиге «чай ичүү адаттары» тууралуу сурашты.
Окумуштуулар кечээки пресс-релизинде өз жыйынтыктарын жарыялашты жана «күнүнө кеминде эки жолу чай ичкен адамдардын өлүм коркунучу 9 пайыздан 13 пайызга чейин азайарын» билдиришти.
Илимий изилдөөнүн жыйынтыктары Annals of Internal Medicine журналында жарыяланды.