Эртең 26-апрелден тарта «Коопсуз шаардын» дагы 19 камерасы ишке кирет.
Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашы боюнча 26-апрелден тарта “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында дагы 19 камера ишке киргизилет.
Камералар төмөнкү даректер боюнча орнотулат:
— 9 чакырым, Пригородное айылы, Май куючу жай;
— 10,2 ч., Достук айылына карай бурулуш;
— 13 ч, Путепровод;
— 14,5 ч, Ак-Жол айылы орто мектептин жанында;
— 22,5 ч, Манас айылынын борборунда;
— 23 ч, Манас айылы, Ак-Жол май куючу жайы;
— 27 ч, Ак.Жол май куючу жайы;
— 30 ч, “Манас” аэропорту;
— 11,5 ч, Ленин айылы, Алма-Ата көчөсү 67;
— 15,5 ч, Ленин айылы, Алма-Ата көчөсү №385 үйдүн жанында;
— 17 ч, Ленин айылы, “Роснефть” май куючу жайынын жанында;
— 59 ч, Токмок шаары, “Нуржамал” кафесинин жанында;
— 60 ч, Токмок шаарында (айлампа);
— 68,8 ч, Сайлык айылы “Төлгө” дүкөнүнүн бет маңдайында;
— 73 ч, Искра айылы, Биянху көч. № 107 үйүнүн бет маңдайында;
— 78 ч, Чымкоргон айылы, Казакбаев көчөсү № 137 үйүнүн жанында;
— 95 ч, Жаңы-Алыш айылы, Орловка шаарынын бурулушу;
— 102 ч, Кемин шаары, Советтик-Каракөл көчөлөрүнүн кесилишинде;
— 18 ч, Алга айылына бурулушта.
Мамлекеттик келишим боюнча “Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи этабында 110 аппараттык-программалык комплекстер (АПК) орнотулат. Бишкекте 42, Чүй облусу боюнча 48 жана 20 көчмө АПК. Долбоор алкагында баардык көчмө камералар толугу менен ишке кирген. Калган 28 АПКны ишке киргизүү боюнча чаралар көрүлүүдө.