Суббота, 21 сентября

Сириядан келген адам кармалды

0

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан 20-апрелде өлкө аймагына эл аралык террордук уюмдардын мүчөлөрүн жана согушкерлердин кирүүсүнө бөгөт коюуу боюнча өткөрүлгөн контртеррордук иш-чаралардын алкагында, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен биргеликте Сириядагы  эл аралык террордук уюмдун (ЭТУ) согушкери деп шектелип, издөөдө жүргөн 1991-жылы туулган  КР  “А.у.А.” аттуу Кыргызстандын жараны кармалды.  Бул тууралуу УКМКнын коомчулук жана ММК менен байланыш кызматы билдирди.

Такталган маалыматтарга ылайык, кармалган адам 2016-жылы эл аралык террордукк топко кирип, Сирия аймагындагы диверсиялык даярдыктан өткөндүгү жана согуш аракеттерине катышып келгендиги аныкталды.

2018-жылдын ноябрь айларында  А.у.А. ЭТУ башчыларынын  тапшырмасын алып, колго жасалган жардыргыч заттарды жана ок атуучу куралдарды колдонуу менен террордук чабуулдарды ишке ашырууну көздөп, жашыруун ячейка түзүү жана Сириядан согушкерлердин келүүсүн күтүп Борбордук Азия өлкөлөрүнөн “куралдуу жихад”  жүргүзүү максатында Сирия аймагынан келген.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын УКМК Башкы тергөө башкармалыгы КР Кылмыш-жаза кодексинин 243-беренеси (КР жаранынын чет өлкөлүк мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук даярдыктан өтүүсү) боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп жатат.

Кармалган адам  УКМКнын тергөө-камак жайына киргизилип, андан аркы тиешелүү комплекстүү ыкчам-тергөө жана издөө иштери жүрүп жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз