Суббота, 4 мая

Окуучулар мектепте телефон колдоно алышат, бирок..

0

Окуучулар мектепте телефон колдоно алышат, бирок сабак учурунда мобилдик телефондорду колдонууга чектөө киргизилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымат таратты.

Министрлик бекиткен документке ылайык, мобилдик телефондорду төмөнкү учурларда колдонууга уруксат:

окуу предмети боюнча маалымат издөөдө;

онлайн-тесттерди түзүү жана колдонууда;

окуу программасына тиешелүү видео жана аудио жаздырууларды угууда;

маалымат издөө үчүн QR-кодду колдонууда;

электрондук күндөлүктү колдонууда;

информатика жана smart-класс кабинеттеринде.

«Бул чектөөлөр ден соолугуна байланыштуу мобилдик телефон колдонууга муктаж балдарга тиешелүү эмес. Жалпы билим берүү мекемелеринде өзгөчө абал жаралган учурларда мобилдик байланышты колдонууга чектөө болбойт. Мектепке кирип бара жатканда мобилдик түзмөк үнсүз режимине коюлушу керек», — деп айтылат маалыматта.

Министрликтен мындай сунуштама окуучулардын ден соолугун сактоо жана билим-тарбия процессинин эффективдүүлүгү үчүн иштелип чыкканын белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз