Пятница, 3 мая

Матраимов Муфтияттын жаңы имаратын куруп берет

0

Раимбек Матраимов жетектеген «Исмаил-Ата» фонду муфтиятка жаңы имарат куруп берүүдө. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.

Бишкекте курулуп жаткан имаратка бүгүн, 30-августта капсула салуу аземи болуп, ага муфтий Замир Ракыев, «Исмаил-Ата» фондунун жетекчиси Раимбек Матраимов, Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов, Свердлов районунун акиминин орун басары Руслан Бекназаров, аалымдар, дин кызматкерлери жана башкалар катышкан.

Муфтияттын жаңы имараты Жибек Жолу көчөсүндөгү Имам Сарахси мечитине кошуна салынууда.

Маалым болгондой жаңы имаратта муфтий, андан тышкары Аалымдар кеңешинин кеңселери, отурум өткөрчү залдар, окуу залдар, китепканалар жайгашмакчы.

Курулуш ушул жылдын аягына чейин бүткөрүлүп, муфтият кийинки жылдын башынан тарта жаңы имаратка көчүп барары пландалууда.

Эскерте кетсек, Раимбек Матраимов коомчулукта «Раим миллион» деген ат менен таанымал. Ал бажыдагы коррупция үчүн соттолуп, мамлекетке 2 млрд сом төлөгөндөн кийин бошотулган. Андан мурда 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин бийлик башына келген Садыр Жапаров Раимбек Матраимов камаларын билдирген.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз