Видео. UWW  Жоламан Шаршенбеков тууралуу ролик жарыялады

0

Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) дүйнө чемпионатынын алдында кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков тууралуу ролик жарыялады.

Видеодо Шаршенбеков максатка жетүүдө эч кандай оңой жол жок экенин айтат.

“Акжол (ред.: Махмудов) досум айткандай, спорт, ошондой эле башка иште чоң максатка жетем десең, анда кыйын жолду басып өтүп, анын баарын жеңүү керек. Бардык тармакта оңой жол жок. Биз максатыбызга жетүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшап жатабыз. Жалгыз эмес бул жактагы жигиттер, агайлар менен биримдикте, ынтымакта иштеп, астыга койгон максатыбыз үчүн күрөшүп келе жатабыз”, — дейт балбан.

Эскерте кетсек, грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионаты 10-18-сентябрда Белград шаарында өтүп, ага Кыргызстандын атынан 15 спортчу аттанат.

https://youtube.com/shorts/R3deW6qddXU?feature=share

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз