Суббота, 4 мая

Түрк экономикасы 7,6 пайызга өстү

0

Түркиянын экономикасы жылдын экинчи чейрегинде 7,6 пайызга өстү.

Түркия статистика мекемеси, быйылкы жылдын экинчи чейрегинин (апрель-июнь) ички дүң продукциясынын жыйынтыгын жарыялады.

Буга ылайык түрк экономикасы экинчи чейректе өткөн жылдын тийиштүү чейрегине салыштырмалуу 7,6 пайызга өстү.

Эң көп өсүш 26,6 пайыз менен финансы жана камсыздандыруу иштеринде катталды.

Кызмат көрсөтүү тармагындагы өсүш 18,1 пайызды, кесиптик, административдик жана көмөкчү тейлөө ишмердүүлүгүндөгү өсүш 11%ды түздү.

Ал эми өнөр жайдагы өсүш 7,8 пайыз болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз