Пятница, 17 мая

Орусия Украинада 900дөн ашуун эң мыкты аскерий кызматкеринен ажырады

0

Би-би-си басылмасы, ачык булактарга таянып Украинадагы согушта орус армиясы 900дөн ашык эң мыкты аскерий кызматкерлеринен ажырагананын жазып чыкты. Орус армиясынын каймактары болуп эсептелген бул аскерлердин арасында десанттар, пилоттор, Федералдык коопсуздук кызматынын адистери жана башкалар бар.

Би-би-синин маалыматына ылайык, Орусиянын мындай чоң жоготууга дуушар болуусуна орус армиясынын чабуул жасоого даяр эместиги себеп болууда. Мисалы, катардагы жөө аскерлер коюлган тапшырманы аткара албай калганда алардын ордуна атайын даярдыктагы топторду жиберүүгө мажбур болууда. Мына ушундайча эң мыкты аскерлер жана аскерий адистер согуш талаасында курман болууда.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз