Суббота, 27 апреля

Жапаров: Камчыбек Ташиев «Кыргызстандын баатыры» наамына татыктуу

0

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) жетекчиси, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиевге «Кыргызстандын баатыры» наамы эмне себептен ыйгарылганын түшүндүрдү. Жапаров бүгүнкү мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде атайын кызматтын башчысы бул жогорку наамды негизинен улут аралык жаңжалды токтотуудагы ишине байланыштуу алганын билдирди.

«Караниет чагымчыл адамдар бир тууган эки элдин ортосуна жик салууга аракет кылышты. Өлкө башына караан күн түшүп турган маалда кара башын канжыгага байлаган, жанын тобоокелге салып чыр-чатакты токтотуп, эки элди жараштырган эр-азаматтарыбыз болду. Кээ бир өзүн «баатыр» сезгендер ал жака бармак түгүл, караандары дагы көрүнгөн эмес. Жаңжалды токтотуп, эки элдештирүүнүн сап башында Камчыбек Ташиев турганын эч ким тана албайт. Мен муну өз көзүм менен көрүп, ошол окуяларга катышкан адам катары айта алам. Анын буга чейинки «эл уулу» атанткан иштери дагы татыктуу бааланып жатканын эл дагы көрүп жүрөт. Бүгүнкү күндө улуттук коопсуздукту чыңдоо, чек араны бекемдөө, күч органдарын реформалоо боюнча жүргүзүп жаткан иштерин көз жаздымда калтырууга болбойт. Мындан сырткары мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн чейрек кылымдан бери бүтпөй келген зор иштерди бүтүрдү. Азырынча бул иштер сыр болуп турат, убагы келет, кийинчерек ачыктайм»,-деди Жапаров.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз