Суббота, 18 мая

Эрдоган Грецияга эскертүү берди: Бир күнү кирип барышыбыз мүмкүн

0

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган, улам Түркияга кыр көрсөткөн Грециягы эскертүү берди. Эрдоган Самсун шаарындагы TEKNOFEST 2022де сүйлөгөн сөзүндө «Учурда Америка Дедеагачка (Грециянын шаары) курал-жарак жана учактарды жөнөтүп жатабы? (Греция) Ал жактан бизди С-300 менен коркутууга аракет кылып жатабы? Эй грек, тарыхты карачы, тарыхка кайт, эгер андан да аша чаап кетсең, кесепети оор болот. Грецияга бизде бир гана сүйлөм бар: «Бир түнү капыстан кирип келебиз», — деп айтты.

Греция акыркы мезгилде Американын колдоосу менен Дедеагачка (Грециянын шаары) курал-жарак топтоп атат. Өткөн жумада грек С-300 абадан коргонуу системасы түрк учактарын атуу үчүн даярдык көргөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз