Пятница, 22 ноября

Фото. Кореядагы тайфундун кесепети үрөй учурат

0

Түштүк Кореяда «Хиннамнор» тайфунунан улам 2 адам каза болуп, 10 киши дайынсыз жоголду. «Хиннамнор» тайфуну өлкөнүн түштүгүндөгү Пусан шаарына жакын жайгашкан Чежу аралына жетти. Тайфундан улам 66 миң үйдүн электр жарыгы өчүп, бак-дарактар ​​кулап, жолдор чоң зыянга учурады.

Ылдамдыгы саатына болжол менен 133 километрге жеткен тайфундун себебинен миңдеген адамдар үйлөрүн таштап кетишти. Жетекчилер аймакка таасир эткен тайфундан 2 кишинин каза болгонун, 10 кишинин дайынсыз жоголгондугун билдиришти.

Өлкө боюнча 250 учак каттамы жана паром каттамдары токтотулуп, 600дөн ашуун мектепте билим берүүнү онлайн режиминде улантуу чечими кабыл алынды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз