Суббота, 18 мая

Кадамжайда өспүрүм кызды өлтүргөндөр милиция кызматкериби? ИИМдин жообу

0

Ички иштер министрлиги, Баткен облусунун Кадамжай районундагы 14 жаштагы кыздын өлүрүлүшүнө шектүүлөр милиция кызматкерлери деген маалыматка байланыштуу билдирүү таратты. Маалыматта мындай ушактар чындыкка дал келбей турганы айтылган.

«Жашы жете элек кыздын өлүмүнө шектелип кармалгандардын ички иштер органдарына эч кандай тиешеси жок. Бул иш боюнча ар тараптуу, калыс иликтөө Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан камсыздалууда. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүүлөрдүн тек-жайы такталып, алар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Коомчулукка тергөөнүн жүрүшү боюнча кошумча маалымат берилет», — деп айтылат ИИМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз