Аз камсыз болгон бишкектиктерге чакан бизнес ачууга 100 миң сомдон берилди.
Калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров жана эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин катышуусу менен социалдык жардамдын алкагында 64 үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификаттарды тапшыруу аземи өттү.
Долбоорлорду тандоо үчүн борбордун акимиаттарында социалдык маселелер боюнча комиссиялар түзүлүп, алар үй-бүлөлөрдүн бизнес-пландарын тандап, баалашты. Социалдык келишимди түзүү укугуна иш жүзүндө жашаган жери боюнча “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алуучулар ээ.
Социалдык контракт түзүү үчүн жалпы суммасы 6,4 млн сомго же ар бир үй-бүлөгө 100 миң сомдон 64 арыз жактырылган.
Катышуучулардын берилген бизнес-пландарына ылайык 65%ы тигүү жабдууларын сатып алууга, соода ишин уюштурууга 13 %, кызмат көрсөтүүгө 10 %, кондитердик азыктарды даярдоого 7% жана жаңы технологияларды киргизүүгө 3% багытталган.
Белгилей кетсек, социалдык контракттын негизинде социалдык жардам программанын мазмунуна ылайык үч жылдык мөөнөткө дайындалат жана төмөнкү максаттарды көздөйт:
— үй-бүлөлөргө турмуштук оор кырдаалды жеңүү боюнча активдүү аракеттерге дем берүү;
— социалдык коргоо системасынан жетиштүү көз карандысыздыкка ээ болуу жана коомдун жашоосуна толук катышуу максатында үй-бүлөлөрдүн жашоо деңгээлин жогорулатууга түрткү берүү;
— үй-бүлөлөрдүн эркин эмгек жана мүлктүк потенциалын коомдук пайдалуу ишке тартуу;
— үй-бүлөлөрдүн социалдык жоопкерчилигин жогорулатуу жана алардын жүрүм-турумунун көз каранды мотивин азайтуу;
— чакан ишкерликти өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
— жаңы жумуш орундарын түзүүгө дем берүү.