Суббота, 18 мая

Фото. Биринчи ата мекендик Kunan MR 300 sport унаасы таанытылды

0

Бишкекте биринчи ата мекендик Kunan MR 300 sport (KUNAN TAITORU) унаасынын бет ачары болуп өттү.

Унааны жасоо идеясы Медер Койлубаевге таандык.

Анын айтымында, спорттук унаа толугу менен колго чогултулган. 6 жылга созулган жыйында гибриддик материалдар жана түрдүү тетиктер колдонулган. Капоттун астында 300 аттын күчү бар Subaru Legacy унаасынын кыймылдаткычы жайгашкан.

«Бул амбициялуу долбоор. Бул ишке ашкан кыял», — деген Койлубаев унаа коммерциялык максатта жасалбаганын кошумчалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз