Суббота, 4 мая

Фото. Уурдалып, талаада талкаланган акча терминалдары. Шектүүлөр кармалды

0

Ош облусунун Араван районунда уюлдук компаниялардын терминалдарын жана анын ичиндеги 105 400 сомду уурдоого шектелип беш жаран кармалды. Бул туурасында Ош облустук милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

2022-жылдын 2-сентябрында саат 03:00 чамасында Араван районундагы дүкөндөрдүн биринде жайгашкан уюлдук компаниялардын терминалдарын жана анын ичиндеги 105 400 сом акчасын белгисиз жарандар уурдап кеткени боюнча Араван РИИБине арыз түшкөн.

Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн, Кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери шектүү катары 22 жаштагы Б. уулу М., 27 жаштагы Т.С., 24 жаштагы Б.И., 23 жаштагы С. уулу Т., 22 жаштагы Д.К. аттуу адамдарды кармап, Араван РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизген. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин («Уурдоо») негизинде иш козголгон.

«Тергөөнүн жүрүшүндө бул кылмыштуу топ тарабынан Өзгөн, Кара-Суу райондорунун жана Нарын облусунун аймагында терминалдарды талкалап уурулук кылынганы белгилүү болду. Ошондой эле дагы башка аймактарда ушундай кылмыштарга катышы бар же жоктугу тешерилип жатат», — деп билдиришти маалымат кызматынан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз